Алдамчылыкка шектелип камалган ырчы Абдумалик Шерматов бошотулду

Алдамчылыкка шектелип камалган ырчы Абдумалик Шерматов бүгүн, 28-августта бошотулду. Бул тууралуу ырчы SUPER.KG`ге өзү билдирди.

“Бул подстава болуп атайын жасалган нерсе. Жазгандардын баары тосмо арыз беришти. Бирок эч кимди жамандабаш керек. Баарына Кудай күбө”, - деди Абдумалик Шерматов.

Ал эми жабыркаганын айтып, ырчынын үстүнөн арыз жазган өзүн тааныштыргысы келбеген жаран ырчы карызын төлөп бергенден кийин тосмо арыз жазып бергенин айтты.

Ооба, Абдумалик Шерматов бүгүн бошотулду. Ал карызын төлөп берди, ошондуктан биз тосмо арыз бердик. Эки күндөн бери өзүм чуркап жүрүп бүтүрдүм. Анткени анын камкордугундагы көзү азиз Айнагүл Абасова кош бойлуу экен. Адам катары ага боорум ооруду. Бул эч кандай подстава эмес, ал 2004-жылы чыккан STEP WAGON үлгүсүндөгү өзүнүн унаасын алты жарым миң долларга баалап өткөрүп берди. Менден 10 миң доллар карыз болчу. Мен калганын кечтим. Ал эми башка карыздарын жарым жылдын ичинде бөлүп-бөлүп төлөп бере турган болуп тил кат жазып берди. Бул документтердин баарын мен силерге көрсөтө алам”, - деди ал.

Эске сала кетсек, Абдумалик Шерматов алдамчылыкка шектелип, 15-августта кармалып, 2 жумага тергөө абагына камалган болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (16)
aitowa11
2017-08-28 20:00:15
Жакшы эмнеси болсода чыгыптыр. Карызынан жарым жартылай кутулуп
+10
kychan.98
2017-08-29 00:52:44
aitowa11,Абдумалик ака бул кундор отуп кетет.Сизге кооп жапкандар Алланын алдында жооп берет
-3
isabek1977
2017-08-29 20:51:02
aitowa11,Атаны коруп кызы осот.
-1
Ryskulova
2017-08-28 20:03:28
Кечиримдуулук,тушунуктуулук Кудайга жаккан сапат . Жакшы тынч чечип алыпсыздар Ден соолукта Аман болгулачы тынч
+15
Snejana
2017-08-28 20:48:19
Ошондо козу азиз келин кимден боюнда болуп атат?, ээ кокуй! Анын жолдошу "ажыраштым" дебеди беле. Же адаштымбы.
+11
AIZAD
2017-08-28 21:00:04
Snejana,Абдумаликтен окшойт.
+7
nurbekasr
2017-08-28 21:06:12
Аа жакшы чыгыпсыз Малик брат, эми тынч аман болуң уят.Динара жеңебизге да сөз тийип кетти эле кармалганда.
+5
erlist
2017-08-28 23:18:49
Кандай бу тосмо арыз жазса эки кундо чыгара калат а каптагаев доом жок Садыр га десе аны 11жылга соттоп жиберет сотторду тушунбойсун биздин тообо кылдым
+13
bond02
2017-08-28 23:28:38
erlist,ал саясатчы, бул артист болуп жатпайбы!
+5
Midub
2017-08-28 23:40:42
Малика Динанын атасы
+3
barsbegKG
2017-08-29 00:10:10
Сөзүнө туруп бөлүп-бөлүп төлөп берсе жакшы. Дагы бир шылтоолорду айтса отургузуу керек.
+2
RusMos76
2017-08-29 00:24:47
Арыз жазгандар коптой болду эле го?
0
admin_superstan
2017-08-29 09:22:38
ozgeldi, далилсиз маалыматтарды жазуудан алыс болуңуз. Эскертүү!
0
omu
2017-08-29 13:20:15
Расписка 3 айга гана отот. Бул жерде январь.
0
aerforce
2017-08-29 13:23:32
Кызы экоосу жылдын хити болдуго оздорун пиаритетип жатышабы эмне же алма сабагынан алыс тушпойбу тушунбойсун жазда кызын ушинтип алдамчылык менен шектелип кармалып чыгарылды эле
+1
barakcha
2017-08-29 15:35:27
aerforce,скорее всего алма сабагынан алыс тушпойт
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан