Бишкектеги Курманжан датка көчөсүнө жөө адамдар үчүн асма көпүрө салынууда

Бишкектеги Курманжан датка көчөсүнө жөө адамдар үчүн асма көпүрө салынып жатат. Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Нурлан Эшенбаевдин айтымында, асма көпүрөлөрдү куруунун негизги максаты жол тыгынын азайтуу.

"Азыркы тапта "Аламүдүн" базарынын жанында асма көпүрөнү куруу иштери жүрүп жатат. Бул жөө адамдар үчүн курулуп жаткан алгачкы асма көпүрө. Андан сырткары "Мадина" базарынын жанында да курулуш иштери жүрүп жатат. Анткени базардын маңдайындагы жол чырак көп учурда автотыгынды пайда кылчу. Көпүрө ишке кирген соң ал жол чырак алынат. Ушундай эле көпүрөлөрдү Чүй жана Шопоков көчөлөрүнүн кесилишине, "Ош базарына" куруу иштери каралып жатат. Бишкекте мындай көпүрөлөргө муктаждык көп. Бир көпүрөнү куруш үчүн 17-18 миллион сомдун тегерегинде акча кетет", - деди Эшенбаев.

Ошондой эле Нурлан Эшенбаев асма көпүрөлөрдө ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар жана кары адамдар үчүн атайын шарттар түзүлөрүн кошумчалады.

"Кары адамдар, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн лифт орнотулат. Андан сырткары үстү жабылып, капталдары тосулат", - деди Нурлан Эшенбаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
aza84
2017-08-29 14:47:59
Жакшы идея экен
+2
Leilektik
2017-08-29 15:09:18
aza84,жакшы идея эмес асма копуродон чон курактагы ата апаларыбыз кыйналышат откондон ,личный расход баштары иштебесе буту колдун шору деп бекерден айтпайт башка жолун ойлоп тапса болмок
-11
mr.ulan89
2017-08-29 20:08:46
Ойдо жакты карасан мумкунчулугу чектелгендерге лифт койулат деп турат
+2
Alinur96kg
2017-08-30 04:13:19
Leilektik,Башка жолун тапсан айтып койбойсунбу.
0
Shekeev969798
2017-08-29 15:05:43
Жалал абадта мындан жакшысы бар !
+2
toktor89
2017-08-29 15:47:55
Атаа окмотубуз коррупиясыз иштесе жаштарды жакшы жумуш менен камсыз кылса россиялабай турциялабай уй булообуз менен болот элек. Мунун баарын кылган биздин окмот куноолу.
+1
scorp
2017-08-29 16:05:48
Ото арзан корунотко 18 милн сомдук корунбойт!
0
sirgak_92
2017-08-29 16:10:17
Оооооой деги эмне жагат силерге салса да жаман салбаса да жаман ата апаларыбызга лифт орнотурат деп турат козунорду чон ачып окугалачы.4-5 копуро курулат деп турат го бай болгурлар
+5
Adil706070
2017-08-29 16:38:47
Курулганы жоо журуучулорго жакшы дечи,бирок 17,-18миллион деген акчага эмне деген асма копуро курса болот.
Эптеп аты бар нерсени куруп коюшуп эле мамлекеттин казынасын талап тономой.
17-,18миллионго керек болсо 3хан сарай (особняк) салса болот жер тилкесин кошпогондо Бишкектен.
+1
grace
2017-08-29 22:07:03
Авария болуп адамдар жабыр тарткандан сактаса жакшы экен. Кут болсун.
0
bom.bon
2017-08-29 22:21:32
3млн берсе дан дан кылып салдырып берет элем
-1
Muratmipa
2017-08-30 11:30:24
bom.bon,3 эмес 6 де кичине окшошот а то 18 млн 4 копуро курса болот
0
Kuba-savai87
2017-08-30 02:52:27
Мейли канча акча кетсе да ушундай иш чараларды кфлышсынчы жеп алгандан коро. Жакшы жанылык. Анан супер инфо жакшы жанылыктарды кобуроок издеп жазгылачы сураныч а то бут эле олум житим жанылык болуп баратат
0
admin_superstan
2017-08-30 09:44:54
Kuba-savai87, саламатсызбы! Сунушуңузга рахмат, эске алабыз.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан