"Өзгөндөгү Калкты тейлөө борборуна качан келбейли, узун кезекке кабылабыз. Айрым адистерди жумуш ордунан таппай калып жатабыз", - дейт окурман SUPER.KG`ге WhatsApp аркылуу.
"Өзгөн районунун Калкты тейлөө борборундагы көйгөйдү бөлүшкүм келди. Паспорт маселеси менен кайрылган жарандар качан келбейли, узун кезекке кабылабыз. Айрым адистерди жумуш ордунан таппай калып жатабыз. Бир айдан өтсө да паспортубуз келбегени өкүндүрөт. Эмне себептен экени, качан келиши мүмкүндүгүн эч кимисинен биле алган жокмун. Адистер жетишсизби же элдин паспортко муктаждыгы көппү?!" - деп суроо салган окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.