Токон Мамытов Атамбаев менен Мирзийоев Бишкекте кайсы маселелерди талкуулай турганын божомолдоду

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев менен Кыргыз өлкөсүнүн башчысы Алмазбек Атамбаев коопсуздук, чек ара, соода-экономикалык кызматташуу маселелерин талкуулашы мүмкүн. Мындай оюн бүгүн, 29-августта “Пикир” Кыргыз аймактык эксперттер клубунун тегерек столунда Кыргызстан элдеринин ассамблеясынын төрагасы Токон Мамытов билдирди.

Анын пикири боюнча, экстремизм жана терроризм менен күрөшүү үчүн эки өлкө биргеликте иш алып баруусу керек. "Мамлекет башчылар Астана шаарындагы Шанхай кызматташтык уюмунун саммитинин алкагында жолугушканда эки тараптуу кызматташуунун деңгээлин көтөрүү боюнча сүйлөшүшкөн. Андан кийин кыргыз-өзбек өкмөттөр аралык отуруму өтүп, чек ара маселеси талкууланган. Ушул маселелер президенттердин жолугушуусунда талкууланышы күтүлүүдө", - деди Мамытов.

Эске салсак, кечээ, 28-августта Алмазбек Атамбаев Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында жергиликтүү тургандар менен жолугушуусунда өзбек президенти кийинки жумада Кыргыз мамлекетине келе турганын айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
tursunbaev78
2017-08-29 15:45:14
Мирзийоев завод фабрикаларын көрсөтүп мактанган,АША эмнени көрсөтүп мактанат экен?
+1
Munar8625
2017-08-29 16:10:32
tursunbaev78,жаны уйуну корсототта булжагын кандай кылайын олжагын кантсем екендеп савет сурайтта
0
tular
2017-08-29 18:46:51
Ушул эксперттерге тан каламда, келсе келетда, анын эмнесин талкуулайт! Андан коро жол кырсыгы эмнеден улам кобойду, кандай кылганда азаят! Адамдар мыкаачы болуп баратат, буга эмне себеп болду экен?! Ушуга окшогон социалдык койгойлорду которуп чыгып анализ кылып талдашса! Анан бир жумадан кийин келе турган башка олконун президентинин айтып чыкпай. Бул белгилууда президенттер эмнеге иш сапары менен келээри, Же эмне Мирзоев майрамдап чартанбай тепкени келмек беле деп айткым келет урматтуу Токон мыр
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан