2017-2018-жаңы окуу жылына карата даярдык боюнча болуп өткөн маалымат жыйындын алкагында билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева быйыл мектеп босогосун аттагандардын саны 121 миң окуучуну түзгөндүгүн жана мугалимдер мурунку жылдарга караганда жетиштүү экендигин айтты.
"Мурунку жылдары мектептерде 3 миӊден ашуун мугалим жетишсиз болчу. Быйыл 467 гана мугалим жетишпейт. Ал эми мектептер боюнча айтсам, былтыр 98 жаңы мектеп ишке кирсе, быйыл дагы 28 мектеп иштетүүгө берилмекчи", - деди министр.
Ал эми мектептердеги ата-энелер фонду тууралуу берилген суроого төмөнкүчө жооп берди.
"Мугалимдердин айлык-акысын, окутуу шарттарын мамлекет камсыздайт. Ата-энелер фондуна түшкөн каражат ошол мектептин оңдоп-түзөө иштерине кетет. Мында эч кандай мыйзам бузуу жок, тескерисинче, мамлекетке кошкон салым катары кароого болот", - деди ал.
Ошондой эле 2008-жылдан тарта окуучуларга китеп акысыз берилерин, учурда Чүй облусунун Жайыл районунда гана китептер ижарага берилерин кошумчалады.
"Мурда китептер 20-25 сомдон ижарага берилчү. Андан 15 миллион доллар каражат түшүп, ага жаңы окуу китептери сатылып алынган. Быйыл Жайыл районундагы 40 мектепке китептерди ижарага берүүнү чечтик. Мунун жыйынтыгы боюнча башка мектептерге да ижарага беребизби же бербейбизби чечебиз. Менин оюмча 20 сом – бул өтө деле чоң сумма эмес", - деди Кудайбердиева.