Нуржан Шайлдабекова: "БШК Текебаевди талапкер кылып каттайбы же каттабайбы билбейм"

"Борбордук шайлоо комиссиясы "Ата Мекендин" лидери Өмүрбек Текебаев боюнча кандай чечим кабыл ала турганын билбейм", - деди бүгүн, 29-августта БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова.

Анын айтымында, эгер сот БШКнын "Текебаев үчүн чогултулган колдор жараксыз" деген чечимин мыйзамсыз деп тапса, БШК соттун бул чечимин эске алышы керек. "Борбордук шайлоо комиссия - бул коллегиалдык орган болгондуктан ал Текебаевди каттайбы же каттабайбы билбейм", - деди Шайлдабекова.

Эскерте кетсек, 17-августта Борбордук шайлоо комиссиясы Өмүрбек Текебаевдин президенттикке талапкер кылып каттоо үчүн топтолгон 38 миңден ашуун кол тамгаларды жараксыз деп тапкан. Кийин 22-август күнү Бишкек шаарынын райондор аралык сотунда Текебаевдин юристтеринин бул чечимди жокко чыгаруу арызы каралган. Сот Азиз Эшалиев ал арызды карап, БШКнын чечимин жокко чыгаруу боюнча Текебаевдин жактоочуларынын өтүнүчүн четке каккан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
mir777
2017-08-29 15:44:23
кызык элесинер эми анда талапкер кылып каттагыла шайлоого катышсын. анан президенттик шайлоодон отуп кетсе ошол жакта отуруп президент болсун.
бирок мен Текенин бошошун каалайм жанан талап кылам.
эгер шайлоодон кийин чыкпаса коробуз!
+4
toktor89
2017-08-29 15:51:11
Ушуларга какшаган кайран жан.
Эмнеси болсо да тынч болсун. Ким куноолуу болсо Аллах Таалам озу жазаласын.
+3
isabek1977
2017-08-29 19:26:31
Текени коп болсо элдин 2% гана колдосо керек.Парламенттик шайлоодо булардын денгээлин кордук го.Бул партияда жалан гана аты булгангандар.
-5
taku1414
2017-08-29 21:05:57
isabek1977, сен Атамбаев жана сдпк партиясы менен алмаштырып атасын
+2
Tolkun555
2017-08-29 21:28:01
Эми Текенин чыкканы го жакшы.президентткке мен бирок колдобойм.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан