Ахматбек Келдибековдун соттолгон деген статусу жок экенин көрсөтүүгө 3 күнү бар

Ахматбек Келдибеков соттолгон деген статусу жок экени тууралуу документтерди 31-августка чейин Борбордук шайлоо комиссиясына алып келе алат. Бул тууралуу бүгүн, 29-августта маалымат жыйынында БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.

Анын айтымында, учурда Келдибековдун соттуулукту жоюу мөөнөтү боюнча тактоо иштери жүрүп жатат. "Кылмыш-жаза кодексинин 76-беренесине ылайык, өзгөчө оор кылмыштар үчүн соттолгон адамдарга карата жазаны өтөгөндөн кийин он жыл өткөндө соттуулук жоюлат. Эгерде соттолгон адам жазасын өтөгөндөн кийин өзүн кынтыксыз алып жүрсө, сот соттуулугунун жоюлуш мөөнөтү аяктаганга чейин эле анын соттуулугун өтүнүч боюнча алып сала алат. Биз муну тактап жатабыз, сотко жана Келдибековдун өзүнө кат жөнөткөнбүз. Ал 31-августка чейин тиешелүү документтерди БШКга алып келе алат", - деди Шайлдабекова.

Эскерте кетсек, 13-июнда Жогорку Сот Келдибековдун соттолгон деген статусу 2017-жылдын 8-ноябрында жоюларын маалымдаган. Мекеменин билдиришинче, Келдибеков 2016-жылы 8-ноябрда сот тарабынан милдеттендирилген айып пулду толугу менен төлөп бүткөн. Кылмыш-жаза кодексинин 76-беренесине ылайык, айып пул төлөнгөндөн кийин бир жылда соттолгон деген статусу жоюлат.

Ахматбек Келдибеков "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча күнөөлүү деп табылган. Соттун чечимине ылайык, ал мамлекеттин эсебине 10 миллион сом которууга милдеттендирилген. "Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө" мыйзамга ылайык, соттолгон деген статусу алынып салынбаган жарандар президенттик жана парламенттик шайлоого катыша алышпайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан