"Кечээ, 28-августта "Көгүлтүр Ысык-Көлдө" сууга чөгүп кеткен жаран тууралуу маалымат түшкөн. Куткаруучулар баргыча жергиликтүү тургундар тарабынан жансыз денеси суудан чыгарылып "Тез жардам" кызматына өткөрүлүп берилген. Каза болгон адам 1994-жылы туулган жаш жигит экени эле маалым", - деп билдирди ӨКМнын басма сөз кызматы.
Эскерте кетсек, SUPER.KG порталынын "ЭЛДИК КАБАР" бөлүмүнө окурман Ысык-Көлдө сууга чөгүп кеткен жаран тууралуу кабарды видеосу менен жиберген.
"15 мүнөттөн көп суудан таппай жаттык. Жарым саатка жакын сууда жатты. Эс алуучулар алгачкы жардам беришти, бирок ал көгөрүп, муздап калган болчу", - деп билдирген окурман.