"Айымдардын Тайсону" - Ронда Роузи турмушка чыкты

Учурда дүйнө эли Конор Макгрегор менен Флойд Мейвезердин беттешин талкуулап жатканда сулуу жана күчтүү, "айымдардын Тайсону" каймана атына ээ Ронда Роузи UFC уюмунун мушкери Трэвис Браунга турмушка чыкты.

Түгөйлөрдүн чакан үлпөт тою Гавайи аралдарында өткөн. Бул кубанычтуу кабары менен Браун интернеттеги баракчасы аркылуу бөлүшкөн.

"Кандай керемет күн! Ал абдан сулуу. Мени бактылуу кылат. Ронда менин өмүрлүк жарым", - деп жазган спортчу.

Маалыматтарда Роузи менен Браун 2014-жылы Калифорнияда машыгуу учурунда таанышканы айтылат. 2015-жылы жай айларында экөөнүн сүйүү мамилеси бар экени тууралуу сөздөр айтыла баштаган. Андан бир нече ай өткөн соӊ түгөйлөр мамилелерин расмий тастыкташкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
ekaterinburg
2017-08-30 09:33:40
"Жакчу элен,эми кеттин башкага"болуптур да биягы...Алдынды бала,арканды мал бассын.Бактылуу бол!
+3
cholpon9393
2017-08-30 16:38:11
ekaterinburg,алдынды мал бассын арканды бала бассын деген макал.
+2
ZHYRGAl1412
2017-08-30 13:19:32
Жакшы мушкерге тийиптир болбосо жөн адамга тийгенде эри кор болуп өтмөк бир нерсе десе энени көрсөтөм демек
+7
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан