ЖЫЛНААМА, 30-АВГУСТ: 2003-жылы “Ала-Тоо” аянтында Кыргыздын эркиндигин даңазалаган "Эркиндик" айкели ачылган

Мындан 14 жыл мурун, 2003-жылы 30-августта борбор шаардын "Ала-Тоо" аянтында Кыргыздын эркиндигин даңазалаган “Эркиндик” эстелиги ачылган.

“Эркиндик” 1999-­­жылы скульптор Тургунбай Садыков тарабынан жасалып, эгемендүүлүктүн 12 жылдыгына, Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгына арналып 2003-жылы Лениндин эстелигинин ордуна коюлган. Бийиктиги 11 метрлик колодон жасалган эстеликте кыргыз калкы кылым көксөгөн эркиндик символу - Эне образы аркылуу берилген. Анда аял сол колунда боз үйдүн түндүгүн көтөрүп турган. Айкелдин негизинде тоголок шар орун алып, ал дүйнө жүзүндөгү тынчтыктын белгиси болгон.

Ал коюлган күндөн тартып талаш-тартышты жаратып келген. "Эркиндик" эстелиги 2011-жылы 28-июлда алынган. Эстеликти алып салууну демилгелегендер “Эркиндик” монументи расмий катталган эмес, мыйзамга да, улуттук кызыкчылыктарга да төп келбейт деп чыгышкан.
Манасчы Таланталы Бакчиев "бул кылым карыткан калкыбыздын салтына жат. Боз үйдүн ээси эркек, анын башын кармай албаган эркек эч нерсе башкара албайт. Эзели аял көтөргөн түндүктүн алдында чыр-чатак, кан төгүү токтобойт деп айтылат. Бул дагы да болсо ободон түшкөн бир белгидир" деген. Анын ордуна Манас баатырдын айкели орнотулган.
30-августтун жылнаамасы.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
AzKumFerDan
2017-08-30 19:59:20
Негизи мага да жакпайт болчу
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан