Өзбекстанда түн ичинде рейд жүргүзүлүп, көчөдө максатсыз жүргөн адамдар кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 30-августта жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, Хорезм облусунда милиция кызматкерлери жүргүзгөн түнкү рейдде 3 миңден ашуун адам кармалган. Кармалгандар шаар ичинде кечки саат 9:00дөн кийин максатсыз жүргөндөр болуп чыккан. Милициянын бөлүмүнө алып келингендер 24 саатка камалып, айып төлөгөндөн кийин коё берилген. Ошол эле учурда түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.