Эртең, 31-августта Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнө 26 жыл толот. Учурда Бишкек шаарынын "Ала-Тоо" аянтында майрамга карата даярдыктар жүрүүдө. Быйыл башка жылдагылардан өзгөчөлөнүп аянтка өлкөнүн желеги тартылган түндүк орнотулду. Узундугу 50 метр болгон түндүк бүгүн кечинде жандырылат.
Эгемендүүлүк күнүндө саат 10:00дө салтанаттуу иш-чара башталат. Ал эми 11:00дө болсо Өкмөт үйүнүн алдында чыгармачыл адамдардын катышуусунда концерт өтүп, спорттук оюндар уюштурулат. 19:00дө эстрада ырчыларынын катышуусунда концерт болот. 23:00дө болсо майрам фейерверк менен аяктайт. Ошону менен катар эле борбор шаардын райондорунда дагы бир катар маданий жана спорттук иш-чаралары өтөт.
1991-жылы 31-августта Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик көз карандысыздыгы тууралуу декларация” жөнүндөгү токтом кабыл алынган. Буга ылайык, Кыргыз өлкөсү көз карандысыз, суверендүү, демократиялуу мамлекет деп жарыяланган.