Бүгүн, 30-августта Бишкекте сөз эркиндигин коргоого багытталган форум өтүүдө. Иш-чара сөз эркиндигин коргоо комитети тарабынан уюштурулган. Негизги тема “Сентябрь” телеканалынын жабылышы, үстүнөн соттук иштер жүрүп жаткан сайттардын тегерегиндеги абал. Депутат Жанар Акаев сөз эркиндиги чектелип, өлкөдө маалымат каражаттары куугунтукка кабылып жатканын айтты.
"Акыркы убакта жалгыз жетишкендигибиз, сөз эркиндигинен да ажырап жатабыз. Сөз эркиндигин куугунтуктап жаткандыгын коом, маалымат каражаттары жон териси менен сезүүдө. "Сентябрь" телеканалын да бийлик күч менен жаап салды. "Заноза" сайтына да миллиондогон айып салынып отурат. Журналисттер азыр өзүн өзү чектеп, соттон, бийликтен коркуп калды. Баары эмес арасында беттегенин бербегендери да бар. 2-3 ай мурда мага куудулдар кайрылып сахна бербей жатканын айтышты. Бул да сөз эркиндигин чектөө. Азыр мамлекеттик телеканалдардан жүзүбүздү да көрсөтпөйт. Мен ойлоп калам эл бизди унутуп калды деп. Бирок адамдар алакандай болгон телефондон чындыкты, адилеттүүлүктү издеп калышты", - деди Жанар Акаев.
Форумга өлкөдөгү саясий партиялардын лидерлери, Жогорку Кеңештин депутаттары, жаш активисттер жана маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышууда.