Равшан Жээнбеков: "Текебаевсиз өтчү президенттик шайлоонун легитимдүүлүгү суроо жаратат"

Бүгүн, 30-августта Бишкекте сөз эркиндигине арналган форум өтүүдө. Форумда мурдагы депутат Равшан Жээнбеков 15-октябрда өтүүчү президенттик шайлоого бийликтин негизги атаандашы катышпай каларын айтты.

“Мамлекетке ийгилик алып келе тургандар - бул баалуулуктар жана мамлекеттик институттар. Баалуулуктар жөнүндө айтканда биз сөзсүз сөз эркиндигин айтып кетишибиз керек. Эгер биз сөз эркиндигин кармай албасак, эч качан коррупция менен күрөшө албайбыз. Акаевдин убагында Кулов, Бакиевдин убагында Исаков камалган. Атамбаевдин убагында шайлоо алдында бийликтин негизги атаандашы Текебаев камалып, шайлоого катыша албай калышы бул бийликтин бетине жабылган көө болот. Азыр шайлоого бийликтен уруксат алган күн карама саясатчылар аттанып жатат. Биз, баарыбыз Текебаевдин шайлоого катышуусун бийликтен талап кылышыбыз керек. Анткени бийликтин негизги атаандашы Текебаевсиз президенттик шайлоонун легитимдүүлүгү суроо жаратат", - деди Жээнбеков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Melis2014
2017-08-30 12:51:34
Текени шайлодон кийин деле камаса болот еле бирок Аша коркту импичментке киришкенден баштап уйкусу качыпт елдер 7 сотых жер ала албай жатса аша 2 гектардан ашык жерге уй салды бул далил Текени кайда афристин созу мн камады
+9
ZHYRGAl1412
2017-08-30 13:43:29
Теке негизги атаандаш эмес аны катыштырсада шайланбайт эң негизги күчтүү талапкерлер Бабанов Жээнбеков Мадумаров калгандары өтпөйт үмүт кылбасада болот
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан