Айт намазы 1-сентябрь күнү эски аянтта окулат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына муфтияттын маалымат катчысы Максат Атабаев билдирди.
Белгилей кетсек, быйыл Курман айт 1-сентябрга дал келгендиктен бул күн дем алыш деп жарыяланган.
Муфтияттын берген маалыматы боюнча Курман айт намазынын программасы төмөнкүчө:
- 06:00 - борбор калаадагы эски аянтка эл чогула баштайт.
- 06:00 - 07:00 — баян айтылат.
- 07:00- 07:20 — муфтий Максат Токтомушевдин куттуктоосу жана баяндамасы.
- 07:20 - 07:30 — өкмөт өкүлдөрүнүн куттуктоосу.
- 07:30 — Айт намаз башталат.
Кошумчалай кетсек, 1-сентябрь - Курман айт майрамында өлкөдөгү бардык мектептерде Билим күнү белгиленет.