Кыргыз өлкөсүнөн Сирияга кеткен аялдардын саны 100дөн ашуун экендиги айтылды

Кыргыз өлкөсүнөн Сириядагы согуш башталгандан бери ал жакка кеткен аялдардын саны 100дөн ашуун. Бул туурасында бүгүн, 30-августта Бишкекте өткөн "Аялдардын терроризм-экстремизмге каршы туруудагы орду" аттуу жыйында Ички иштер министрлигинин 10-башкармалыгынын теология бөлүмүнүн кызматкери Манас Аманбаев маалымдады.

"Биздеги маалыматтар боюнча, 2012-жылы Сириядагы согуш башталгандан бери 500-600 адам ошол жакка жөнөп кеткен. Анын ичинен 100дөн ашыгы кыз-келиндер. Ал жактан кээ бир эркек жарандарыбыз кайтып келип жатышса, аялдардын кайтканы боюнча маалыматтар жок. Биздин милдет экстремизм жана террорчулуктун алдын алуу болгондуктан ага катышы бар адамдар тууралуу маалыматтарды чогултуп, Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы менен биргеликте чараларды көрүү", - деди Аманбаев.

Айта кетсек, жыйынды Бириккен улуттар уюмунун баңгизатка жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгы ИИМдин кызматкерлери менен биргеликте уюштурган. Ага диний кызматкерлер жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
aerforce
2017-08-30 13:36:42
Ушулга туздон туз мамлекет кунолуу алар баарын билет себеби любой эле бироо келип мени сирияга кеттик дебейт туурабы акырындан сурайт анан соз кеткенде эле гкнб билет ушул Сирияга кеткизгендердин арасында озубуздун чиновниктерден бироо барда
0
Ali-han
2017-08-30 16:32:36
Жалан озбектин келиндери. Ушу озбектер кыргыздарды уят кыла турган болуштуго...
+1
Aidani
2017-08-31 01:34:58
Сириялыктар Туркияда качып тентип журот оздору биздикилерге балее барбы дейм да
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан