Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев өзүнүн басма сөз катчысы Асаджон Ходжаевди жана мамлекеттик телеканалдын директорунун милдетин аткаруучу Бабур Алихановду кызматтан бошотту. Бул тууралуу бүгүн, 29-августта чет элдик басылмалар өзбек президенттик аппараттагы өздөрүнүн жеке булактарына таянып жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, алардын кызматтан кеткенинин себеби айтыла элек.
Асаджон Ходжаев президенттин басма сөз катчысы болуп март айынан тарта эмгектенип келет. Буга чейин ал өкмөттүк аппараттын басма сөз кызматында, Өзбекстандын улуттук китепканасында директор болуп иштеген. Ал эми Бабур Алиханов 3-августта телеканалдын директорунун милдетин аткаруучу болуп дайындалган. Буга чейин ал ошол эле каналда директордун орун басары болуп эмгектенген.