Кыргыз өлкөсүндө тери иштетүүчү ишканаларга жумушчулар жетишпей жатканы айтылды

Кыргызда тери иштетүүчү ишканалар бар, бирок ал жерге жумушчу кадрлар жетишпейт. Мындай маалыматты бүгүн, 30-августта өткөн маалымат жыйында кыргыз бут кийимин өндүрүүчү Алмаз Өмүров айтты.

Ал кесиптештери менен бирге тери иштетүү ишин үйрөнгүсү келген адамдарга курстарды ачып берүүнү пландап жатканын билдирди. Ошондой эле жаштарды кесиптик окуу жайларга көбүрөөк тапшырууга үндөшүбүз керек деп кошумчалады.

"Кышында таманыбыз үшүсө Кытайдын батегин алып киебиз. Статистикага таянсак, быйыл спиннер оюнчугу үчүн Кыргыз өлкөсүнөн 90 миллион сом акча жумшалыптыр. Былтыр куштун канатынан жасалган сөйкөлөр модада эле. Ал үчүн ар бир кыз 150 сом төлөп Кытайдан сатып алып жатты. Өзүбүздүн жеңил өнөр жайыбызды өнүктүрүүгө салымыбызды кошолу. Элибиз технология өнүгө элек заманда бир мыгы жок боз үйдү ойлоп тапкан. Азыр эмне үчүн баарын башка өлкөдөн сатып алабыз. Өзүбүз ойлоп тапсак, импорттун саны азаймак", - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Дарыгер
2017-08-30 15:03:39
Жумушчулар көп. Айлык акыны жогтрулатыш керек.
+1
bond02
2017-08-30 15:20:00
Тери иштеткен жеринер барбы озу? Иштетсе терини алмак да, сойгон койдун терилерин таштандыга ыргытып жатабыз го.
+2
ekaterinburg
2017-08-30 15:35:17
Жытычы?Жыт боюнча айта кетпейсинерби?Жытына чыдабай эч ким иштебей жатат да.
+2
Kuba-savai87
2017-08-30 17:59:53
Тери жыйырма сом экен
0
grace
2017-08-30 19:25:04
Ушул Алмаз Өмүровго барыш керек, кичинекей акчадан бизнес баштап чоңойтуп жатат. Жолун айтып берет. Азамат , кыргыздын сонун сапаттуу бут кийимдерин өзүбүздүн Булгаары завод (Кожзавод)менен өнөктөшүп тигип жатышат. Кадам деген ишканасы бар.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан