Бүгүн, 30-августта премьер-министр Сапар Исаков Өзбекстандын өкмөт башчысы Абдулла Арипов менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, алар өзбек президенти Шавкат Мирзийоевдин Кыргыз өлкөсүнө болгон иш сапары 6-сентябрга пландалганы тууралуу сүйлөштү. Ошону менен катар тараптар эки өлкөнүн кызматташтыгы жөнүндө сөз кылышты. Арипов Исаковду премьер-министр болушу менен куттуктады. Телефон чалуу демилгеси өзбек тараптан болду. Өкмөт башчылар соода-экономикалык, маданий-гуманитардык кызматташууну талкуулашты.
Эске салсак, Алмазбек Атамбаев Ош облусуна болгон иш сапарында кийинки жумада өзбек президенти Кыргыз жергесине иш сапары менен келе турганын айткан.