Автоунаанын жана турак жай салыгын төлөө мөөнөтү узартылганын бүгүн, 30-августта Мамлекеттик салык кызматы билдирди. Салыктарды эми 4-сентябрга чейин төлөөгө мүмкүн. Буга чейин автоунаа салыгын 1-сентябрга чейин, турак жай салыгын 2-сентябрга чейин төлөө керектиги айтылган. Салыктарды өз убагында төкпөгөндөргө 2 миӊ сом айып салынары да эскертилген. Мындан тышкары ар бир кечиктирилген күн үчүн туум жазылат.
1-сентябрь майрам күнгө, 2-сентябрь дем алыш күнгө туш келгендиктен Мамлекеттик салык кызматы салык төлөө мөөнөтүн узартты. 1-сентябрга чейин үлгүрбөй калгандар 4-сентябрь күнү төксө болот.