"Баш аламандык уюштурууну каалагандарды катуу жазалоого убактым жетиштүү", - деп билдирди бүгүн, 30-августта президент Алмазбек Атамбаев Бишкек ЖЭБин модернизациялоо долбоорунун жыйынтыкталышына арналган жыйында.
Анын айтымында, кандайдыр бир шылтоо менен президенттик шайлоодон кийин өлкөдө жагдайды туруксуздаштырууну көздөгөндөр бар.
"Кээ бирөөлөр президенттикке Атамбаевдин жолун жолдобой турган башчынын келишин каалашат. Биз кандай деген кыйынчылык, курмандык менен бул жолду тапканбыз. Бийлик административдик ресурс колдонуп жатат деген баш айландырган сөздөр жүрүп жатат. Ошону шылтоолоп шайлоодон кийин өлкөдө баш аламандык кылууну каалашат. Мен эскертип коёюн, мен 1-декабрга чейин ушул мамлекеттин президентимин. Эл мени колдоп жаткандан кийин өлкөдө баш аламандык кылууну каалагандарды катуу жазага тартууга убактым жетет", - деди ал.
Мындан тышкары талапкерлер административдик ресурстан эмес, каржы ресурсунан коркушу керектигин кошумчалады. Анткени административдик ресурс колдонууга жол берилбей турганын айтты өлкө жетекчиси.