Сапар Исаков өкмөттөгү алгачкы жыйынын жол коопсуздугуна арнады

Бүгүн, 30-августта премьер-министр Сапар Исаковдун төрагалыгынын астында өкмөт мүчөлөрүнүн жыйыны өттү. Анда жол коопсуздугу маселеси каралды. Исаков тийиштүү жетекчилерге окуу жылы башталганына байланыштуу жол коопсуздугуна өзгөчө көңүл буруу тапшырмасын берди.

“Жаңы окуу жылынын башталышына аз убакыт калды. Тийиштүү жетекчилер буга көңүл буруп, жол кырсыгынын алдын алуу иштерин жүргүзүшү керек. Балдардын коопсуздугун сактоо зарыл. Вице-премьер-министр Темир Жумакадыровго бул боюнча иш алып баруу тапшырмасы берилет. Статистика боюнча жол кырсыгынын саны азайып жатыптыр. Бирок чындыгында андай эмес, тескерисинче, көбөйүп жатат. 7 ай аралыгында өлкөдө жол кырсыктарынан 400 адам каза болду”, - деди ал.

Мындан тышкары ал мектеп окуучуларына жол эрежеси боюнча окутууларды өткөрүүнү тапшырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
anjela333
2017-08-30 18:45:09
Мен ушул эмнегедир Сапар Исаковго ишенем жакшы иштешине
+3
Tekecher
2017-08-30 19:07:27
Ийгилик, жаштарды уят кылба!
+4
nur...nur.
2017-08-31 10:34:30
Азамат Сапар жаштардан тарт эми катарына а то стариктер олбо жаным олбо дешип акча жегенди билет
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан