Премьер-министр Сапар Исаков “Акылдуу шаар” пилоттук долбоору Бишкек жана Ош шаарларында октябрь айында ишке кире турганын бүгүн, 30-августта өкмөт жыйынында билдирди.
Анын айтымында, аталган долбоор “Таза коом” жана “Жаңы доорго кырк кадам” программаларынын негизги бөлүгү. "Жакын арада долбоор биринчи Бишкек шаарында ишке ашат. Андан соң Ош шаарынын мэриясы тажрыйба алышы керек", - деди Исаков.
Эске салсак, буга чейин өкмөттүн отурумунда Бишкектин мэри Албек Ибраимов пилоттук долбоору Бишкектин Чүй жана Манас кең көчөлөрүнө орнотуларын айткан. Ал Чүй кең көчөсүнө Турусбеков-Сүйүмбаев көчөлөрүнүн кесилишине чейин, ал эми Манас кең көчөсүндө Жибек Жолунан "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясына чейин боло турганын билдирген. “Акылдуу шаар” долбоору жол эрежелеринин сакталышын фото жана видеого түшүрүү системи аркылуу көзөмөлдөп турат.