Сапар Исаков МАИчилерден “зебрадан” кийин эмес, "зебрага" чейин турууну талап кылды

Премьер-министр Сапар Исаков Патрулдук милиция кызматкерлери “зебрадан” (жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жол бөлүгү) кийин эмес, андан мурда турушу керек экенин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 30-августта өкмөттөгү жыйында билдирди.

Өкмөт башчы ички иштер министри Улан Исраиловго бул боюнча көңүл буруусун тапшырды. Ошондой эле ал жол эрежесин бузган айдоочуларды кармоонун ордуна алдын алуу иштерин жүргүзүүсү зарыл экенин баса белгиледи.

“Жол кырсыгынын санын азайтуу максатында тийиштүү жетекчилерди бул жыйынга чакырдым. Жаңы окуу жылынын башталышына аз калды. Балдардын коопсуздугун коргообуз керек”, - деди Исаков.

Өкмөттүн жыйынына вице-премьер-министр Темир Жумакадыров тийиштүү министрлер, Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов жана Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев катышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (34)
modem4999
2017-08-30 21:34:25
Ушул боюнча жакшы болуп калсан Кана, башында жакшы болуп анан жампайып кетпей.
+7
toktor89
2017-08-30 21:38:49
Жылтылдап келип бакылдай баштадын сашка. Молодец
Эми сотторду максим бакиевди акта деп твпшырма бергиле
-5
yasmina_kg
2017-08-31 08:54:07
toktor89,Эмнеге жаман ойлойбуз кандай ниетте болсок ошондой болуп да калат андан коро ак жол каалайлы элин ойлогон жерин ойлогон мыкты азамат болсун.Кыргызстанды которгон жаштар кобуроок келсин.Арабызда эли учун куйгон жаштар коп деп ойлойм
+1
aika2015
2017-08-30 21:52:50
Эмне эле баары айдоочуларды "шыбап"атышат ыя?)))Айдоочуларыбыз жакшы эле Кудайга шугур. Мисалы мага дайыма эле жол бошотуп отуп кет деп айтып турушат(мен жоо журом). Жол эрежесин жоо жургунчулор деле коп бузат мисалы мен бузат экенмин нето жерден машутканы токто деп. Тушундуруу иштери жоо жургунчулорго болсо жакшы болмок
+4
33SUUN
2017-08-31 01:52:47
aika2015,сен кыз баласын ошол учун сыйлап отуп кет деп жол беришсе керек.Бизге окшогон эркектерди тебелеп кетип жатпайбы бир кадам жолго чыкканда.Жол эрежесин билбегендиктин айынан коп кырсыктар катталат.Права сатканды токтотуу керек.
+1
Maika
2017-08-31 10:14:28
33SUUN, мен да кыз-баламын, бирок кээ бир жердеги зебрадан өтүп бара жатканда сүзүп кетейин эле дейт, өзгөчө Жибек-Жолу проспектисинде, качан "учуп" кетер экенмин деп эле жүрөм. Кудай өзүң сактай көр деп...
+1
One.in.a.million
2017-08-30 22:10:10
МАИ:Машина Аңдыган Иттер
0
bakulya2015
2017-08-30 22:25:34
Жакшы туура. Бирок МАИ кызматкерлери дайыма тартипти бекем кылсалар жакшы болот эле. Тартип бузгандарды тааныш билиш кылбай чара коруу керек.
+3
Adidas_91
2017-08-30 23:34:19
Жакшы жагын жазгандардын ооздоруна май!!! Жакшы иштеп Кыргызстанды өнүктүрсүн.
+4
fanatka19
2017-08-30 23:47:18
Туптуура баардык нерсени алдын алыш керек.
+2
wwwonline
2017-08-31 00:29:26
Byltyr jaiynda, Ala Too ayantyndagy zebradan apamdy jetelep, apam tez basa albagandyktan jai basyp otup bara jatsak, bir smart ulgusundogu, agysh tustogu, eki orunduu mashina , ekoobuzdu koyup kete jazdady,bir kudai saktady. Mashinaga oturup artynan aidap, al mashinany tappai kaldym, ХХХХ.
+1
admin_superstan
2017-08-31 10:15:22
wwwonline, провокация жаратуучу билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынган. Эскертүү!
0
nurbekasr
2017-08-31 00:51:08
Сапаш эң туура айткан,мен да ушундай болсо деп ойлоп жүргөм.МАИлер аңдыганын койбоду,качан айдоочу зебрадан нарушение кылат экен деп өзүнүн адамдарын деле атайын салып коюшат эптеп шылтоо менен кармаш үчүн.МАИчилер ар дайым светофордун зебранын жанынан жылбай кызмат кылса ошондо иш жакшы жолго түшөт.
+1
jonne
2017-08-31 01:12:37
Сапаштан жакшы сапатар чыкса экен чык эшике дебей
+1
Kaninaiman
2017-08-31 01:14:47
Кудай буйруса айттыда койду дегендерден болбосо жаш министроерибиз.
0
bakulya2015
2017-08-31 07:36:49
Дагы бир сунушта МАИлер пайлап дарак астына бекинип туруп алып тосуп акча сурап элди кыйнабай жакшы иштешсе соонун болмок. Бекинбей эле ачык асман астында туруптаьтоссо болот тартип бузам дегендер каалаган жерде бузушат бирок чара бирдей коруу керек.
0
nurik11-29
2017-08-31 08:01:02
жакшы ниет кыла берели,ынсап ыйман берип эл учун иштеп берсе,жакшы болмок!!!)))
+1
Barclays_CR7
2017-08-31 08:13:04
Бул Сапар Исаков Путин таптаган саясатчы , демек иштин козун билген адам. Ишинизге ийгилик,кыргыз эли сизден умуту чон.Кыямат куну Аллахтын алдында жооп бере турган кун келет,ошол учун эл учун иштеп. Исхак Разаков,Бекмамат Осмонов сыяктуу кыргыз тарыхында алтын тамгалар мн калышынызды калаймын урматуу премьер министр.
+4
yasmina_kg
2017-08-31 09:02:36
Путин Россияны кандай которду. Мумкун жаштыгына салып Сапар Исаков да келечекте Кыргызстанды алдынкы олколордун катарына чыгарат.
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан