Спортчулар Айсулуу Тыныбекова, Дарья Маслова "Даңк" ордени менен сыйланышты (тизме)

Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 26 жылдыгына карата өлкөнүн социалдык-экономикалык, руханий жана интеллектуалдык жактан өнүгүшүнө салым кошкондор сыйланды. Тийиштүү жарлыкка президент Алмазбек Атамбаев 30-августта кол койгон.

II даражадагы “Манас” ордени менен сыйлангандар:

Кинорежиссёр Актан Арым Кубат.

Мамлекеттик коомдук ишмер Муктар Нургазиев.

III даражадагы “Манас” ордени менен сыйлангандар:

Виктор Борисов - Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин алдындагы спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын жеңил атлетика боюнча улук машыктыруучусу;

Юрий Васильев - “Дастан” трансулуттук корпорациясы” ачык акционердик коомунун Башкармасынын төрагасы;

Тургунбек Кулмурзаев - “Кыргыз Газ” ачык акционердик коомунун экс-башкы директору;

Ахматжан Махаммадов - Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары;

Роза Үчкемпирова - көз карандысыз эксперт, коомдук ишмер;

“Даңк” ордени менен сыйлангандар:

Амантур Жумаев - Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы Энени жана баланы коргоо улуттук борборунун башкы врачынын орун басары;

Мирлан Исагалиев - “Кыргыз Жол Курулуш” жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору;

Дарья Маслова - Кыргыз Республикасынын жеңил атлетика боюнча курама командасынын мүчөсү;

Михаил Медведев - врач-офтальмолог;

Сергей Пономарев - Кыргызстандын рынокторунун, соода жана кызмат көрсөтүү чөйрөсүнүн ишканаларынын ассоциациясынын президенти;

Айсулуу Тыныбекова - Кыргыз Республикасынын аялдар күрөшү боюнча курама командасынын мүчөсү;

Зяма Фуксман - “Автомаш-Радиатор” жоопкерчилиги чектелген коомунун материалдык- техникалык жабдуу бөлүмүнүн улук менеджери;

“Легпром” Кыргыз Республикасынын жеңил өнөр жай ишканаларынын ассоциациясы” юридикалык жактардын бирикмеси - Бишкек шаары;

“Бишкексүт” ачык акционердик коому - Бишкек шаары;

Ош мамлекеттик университети - Ош шаары.

“Достук” ордени менен сыйлангандар:

Кадырбек Бусурманкулов - “Замандаш” кыргызстандыктардын жана мекендештердин эл аралык конгресси” ассоциациясынын төрагасы;

Семен Кузнецов - Бишкек жана Кыргыз епархиясынын епархиалдык архиерейи – Бишкек жана Кыргызстандык епископ Даниил;

Абдишүкүр Нарматов - Кыргыз уламалар кеңешинин төрагасы;

Максатбек Токтомушев - Кыргыз мусулмандарынын дин башкармалыгынын муфтийи;

Анатолий Черных - “Автомаш-Радиатор” жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору;

Борбордук Азиядагы Америка университети - Бишкек шаары;

Б.Ельцин атындагы Кыргыз-Орус Славян университети - Бишкек шаары;

Кыргыз-Түрк “Манас” университети - Бишкек шаары;

“Даңк” медалы менен сыйлангандар:

Мамыт Акеров - Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин алдындагы оор атлетика, жеңил атлетика жана бокс боюнча олимпиадалык резервдеги балдар-өспүрүмдөр республикалык адистештирилген мектебинин директорунун орун басары;

Минавар Алаева - “Автомаш-Радиатор” жоопкерчилиги чектелген коомунун жыйноо участогунун улук чебери;

Калбүбү Машаева - “Электрдик станциялар” ачык акционердик коомунун Бишкек шаарындагы ЖЭБинин химиялык цехинин химиялык талдоонун 4-разряддагы лаборанты;

Евугений Петрашов - Кыргыз Республикасынын сууда сүзүү боюнча улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу;

Бабыржан Толбаев - “Мол-Булак Финанс” чакан кредиттик компаниясынын башкы директору; ыйгарылсын: “Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү” ардак наамы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Aidan88
2017-08-31 08:24:32
Aisuluu azamatsyn kuttuktaibyz ,kyrgyz elinin syimygy bolup juro ber,
+4
kokboru
2017-08-31 08:38:05
Ошондо акчалай сыйлык жокпу?.Даңа сыйлыгы мамилекетте пайдасы тиеби билгендер жазып койгулачы?.Ал эмне деген медал?
-1
yasmina_kg
2017-08-31 09:12:12
Актан Арым Кубат сыйлыгыныз кут болсун Кыргызстанды бут дуйного тааныткан чыгармаларды жарата бериниз.Эми Манасты тартыныз Аллахым буюрса.
0
almanbetperm
2017-08-31 09:45:45
Жалан эле автомаштын кызматкерлери тууу атангору
+1
Freemankg
2017-08-31 10:20:18
Автомаш менчик иш кана , мамлекетке салыктан башка саоымы жок.
-1
Tolkun555
2017-08-31 11:22:13
Абдүшүкүр ажы.Максатбек ажы сыйлыгыңыздаркуттуу болсун
+1
BekAmir
2017-08-31 13:01:05
Сыйлыгынар кут болсун!!!
Баарынар татыктуусунар
0
Nargiza1987k
2017-08-31 13:34:13
Сыйлыгынар кут болсун
0
Sagidko88
2017-08-31 20:08:21
ОшМУ сыйлык кут болсун!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан