Эгемендүүлүк күнүнө карата "Манас оюндары-2017" мелдешинин алкагында спорттун улуттук түрлөрү боюнча мелдештер өтөт. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 31-августта Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда эр эңиш, ат чабыш, көк бөрү боюнча финалдык беттештер орун алат. Эр эңиш боюнча мелдеште 70, 90 килограммга чейинки жана 90 килограммдан жогору салмак чендеринде медаль үчүн беттештер өтөт.
Ат чабыштын түрлөрү боюнча кыска аралыкка ат чабыш (2400 метр), кунан чабыш (11 чакырым), жорго салыш (11 чакырым) жана ат чабыш (22 чакырым) мелдештери өтөт.
Ошондой эле көк бөрү боюнча финалда "Мурас" жана "Достук" командалары беттешет.
Мелдештердин тизмеси:
09:00-09:45 - Эр эңиш боюнча финалдык беттештер (70, 90 жана 90 килограммдан жогору салмактагы балбандар беттешет);
09:45 - 10:00 - Эр эңиш боюнча жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи;
10:00 - 12:30 - Ат чабыштын түрлөрү боюнча мелдештер;
12:30 - 13:00 - Ат чабыштын түрлөрү боюнча жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи;
13:00 - 13:16 - "Манас оюндарына" арналган "Тайторунун чабылышы" аттуу театралдаштырылган оюн-зоок;
13:16 - 15:00 - Көк бөрү боюнча финалдык беттеш: "Мурас" - Достук";
15:00 - 15:15 - Көк бөрү боюнча жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи;
15:15 - 15:30 - "Манас оюндарында" жалпы командалык эсепте жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи;
15:30 - 16:00 - "Манас оюндарынын" расмий түрдө жабылышы.