Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 26 жылдыгына карата өлкөнүн социалдык-экономикалык, руханий жана интеллектуалдык жактан өнүгүшүнө салым кошкондор сыйланды. Тийиштүү жарлыкка президент Алмазбек Атамбаев 30-августта кол койгон.
“Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген дарыгери” ардак наамы менен сыйлангандар:
Козубай Абдыкалыков - Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынын чоңдор хирургиясы бөлүмүнүн башчысы;
Нурали Базарбаев - “Нурали” медициналык борборунун директору;
Нурлан Бримкулов - И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын үй-бүлөлүк медицина кафедрасынын башчысы;
Клара Дүйшеева - Талас облусунун Талас районундагы Жон-Арык айылынын үй-бүлөлүк медицина борборунун №3-үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун клиникасынын жетекчиси;
Курмамбүбү Исамамбетова - Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы үй-бүлөлүк медицина борборунун №1-үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун үй-бүлөлүк врачы;
Жекшенбек Карбалиев - Бишкек шаарындагы №2-шаардык стоматологиялык поликлиниканын дарыгер- стоматологу;
Арзыкан Садыкова - Бишкек шаарындагы №1-үй-бүлөлүк медициналык борборунун №5-үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун дарыгер-педиатры;
Гүлнара Самадова - Сүлүктү шаардык ооруканасынын Жалпы дарыгерлер практикалоо борборунун төрөт бөлүмүнүн башчысы;
Ошондой эле И.Ахунбаев атындагы КММАнын гигиена сабактары кафедрасынын жетекчиси, тамак-аш гигиенасы жана диетология курсунун жетекчиси Марина Эсенамановага “Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоосуна эмгек сиңирген кызматкер” ардак наамы ыйгарылды.
“Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими” ардак наамы менен сыйлангандар:
Калыйпа Абакирова - Нарын облусунун Жумгал районундагы С.Медетов атындагы орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими;
Хурматхон Ахмадалиева - Баткен облусунун Кадамжай районундагы С.Айни атындагы орто мектебинин башталгыч класстарынын мугалими;
Роза Жаанбаева - Бишкек шаарынын А.Молдакулов атындагы №5-Улуттук компьютердик гимназиянын башталгыч класстарынын мугалими;
Сайрабү Кубанычбекова - Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Ленин атындагы орто мектебинин физика мугалими;
Валентина Лукина - Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарындагы К.Кузенбаев атындагы №7-орто мектебинин орус тили жана адабияты мугалими;
Тамара Матниязова - Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Ж.Алышбаев атындагы орто мектебинин орус тили жана адабияты мугалими, окуу-тарбиялоо иштери боюнча башчы;
Дилбара Рахманова - Ош облусунун Кара-Суу районундагы К.Момбеков атындагы №101-орто мектебинин орус тили жана адабияты мугалими;
Сексенбай Турдукожоев - Чүй облусунун Москва районундагы К.Сыйданов атындагы орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими;
Лилия Цветкова - Ош шаарындагы К.Алтыбаев атындагы №14-мектептин орус тили жана адабияты мугалими;
Ошондой эле Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Башталгыч жана орто кесиптик билим берүү агенттигинин окуу-тарбиялоо иштери жана инспекциялоо бөлүмүнүн башчысы Алсеит Жусумамбетовго “Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер” ардак наамы ыйгарылды.
“Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи” ардак наамы менен сыйлангандар:
Ирина Воронцова - Бишкек шаардык сотунун төрагасы;
Эркинбек Мамыров - Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Конституциялык палатасынын төрагасы;
Галина Үмүталиева - Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун судьясы;
“Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген экономисти” ардак наамы менен сыйлангандар:
Толкунбек Абдыгулов - Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын экс-төрагасы;
Сагындык Бейшеналиев - Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын социалдык чөйрөнүн жана курчап турган чөйрөнүн аудити бөлүмүнүн мамлекеттик инспектору.
“Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусуна эмгек сиңирген кызматкер” ардак наамын алгандар:
Эмилбек Алымкулов - Нарын шаарынын мэри, Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ассоциациясынын төрагасы;
Мукталы Дүйшөбаев - Чүй облусунун Манас районундагы Покровка айыл өкмөтүнүн инвестицияларды тартуу жана өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы адиси;
Абдибап Исмаилов - Ош облусунун Алай районундагы Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы.
“Кыргыз Республикасынын жаратылышты коргоосуна эмгек сиңирген кызматкер” ардак наамын алгандар:
Маматжан Асанбеков - Жалал-Абад аймактык курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы башкармалыгынын “Орток” токой чарбасынын директору;
Күлшан Бугубаева - Талас облусунун Кара-Буура районунун мамлекеттик жаратылыш паркынын токой чарбасынын инженери;
Турумбек Өскөмбаев - Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Ысык-Көл аймактык башкармалыгынын башчысы;
Рыскулбек Таласбаев - Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Жаратылыш ресурстарын коргоо жана пайдалануу департаментинин Жалал-Абад өкүлчүлүгүнүн Чаткал районунун аңчы адиси.
“Кыргыз Республикасынын өнөр жайына эмгек сиңирген кызматкер” ардак наамын алгандар:
Шарифжан Абдусаторов - “Автомаш-Радиатор” жоопкерчилиги чектелген коомунун логистика боюнча директору;
Андрей Воропаев - “Электрдик станциялар” ачык акционердик коомунун Бишкек шаарындагы ЖЭБинин башкы инженеринин орун басары;
Нинакүл Жумашева - “Aselina” тигүү ишканасынын жетекчиси;
Зарылбек Иманкулов - “Aziar” жоопкерчилиги чектелген коомунун тигүү ишканасынын директору;
Елена Исаева - “Сүт Булак” жабык акционердик коомунун Башкармасынын төрагасы;
Зулайка Миңбаева - “Bermet” тигүү ишканасынын жетекчиси;
Александр Шафир - “БМЗ” ачык акционердик коомунун инженер-конструктору, геральдика боюнча адис.
“Кыргыз Республикасынын айыл чарбасына эмгек сиңирген кызматкер” ардак наамын алгандар:
Арстанбек Сулайманбеков - Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы “НАРСУ” айыл чарба кооперативи” коммерциялык кооперативинин жетекчиси;
Алчыбай Төралиев - Баткен облусунун Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн башчысы;
“Кыргыз Республикасынын дене тарбиясына жана спортуна эмгек сиңирген кызматкер” ардак наамын алгандар:
Эмил Алыкулов - Республикалык олимпиадалык резервдеги балдар-өспүрүмдөрдүн адистештирилген мектебинин грек-рим күрөшү боюнча улук машыктыруучу-мугалими;
Канат Аманкулов - Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин директору;
Сүйүнбек Бекманбетов - С.Бекманбетов атындагы Эркин күрөш боюнча олимпиадалык резервдеги балдар-өспүрүмдөрдүн адистештирилген мектебинин машыктыруучусу;
Аднан Жабраилов - Теннис, паралимпиада жана спорттун күч түрлөрү боюнча олимпиадалык резервдеги балдар-өспүрүмдөрдүн адистештирилген мектебинин директору.
Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйлангандар:
Венера Абдиева - Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Ч.Иманкулов атындагы орто мектебинин биология мугалими;
Жалалдин Абдувалиев - Азия чемпиондугунун паратриатлон боюнча коло байгесинин ээси;
Абсалам Абдирайимов - Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси, Кыргыз эли ассамблеясынын Баткен региондук бирикмесинин кеңешинин төрагасы;
Нурзат Абдырасулова - “Юнисон” коомдук фондунун директору;
Камчыбек Айтымбеков - Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучуларды даярдоо боюнча мамлекеттик борборунун директорунун окуу бөлүгү боюнча орун басары – окуу бөлүгүнүн башчысы;
Ренат Айтымбетов - Бишкек шаарынын мэриясынын уюштуруу иштери бөлүмүнүн башчысы;
Асалкан Айылчиева - Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин түштүк региону боюнча түштүк аймактык борборунун жетекчисинин орун басары;
Бактияр Алиев - Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын республикалык радиотелеборборунун директору;
Ойгонбай Андашов - Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Гидрометерология агенттигинин 2-деңгээлдеги “Чаткал” метереология станциясынын начальниги;
Шайырбек Арапов - Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын “КТРК – Спорт” каналынын продюсери;
Гүлай Асаналиева - Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигинин каржылык пландоо бөлүмүнүн башкы адиси;
Арсен Аскеров - Кыргыз Республикасынын И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын №2-акушердик жана гинекология кафедрасынын башчысы;
Эркин Асрандиев - Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунун Башкармасынын мүчөсү;
Имамназар Атаназаров - "Атаназар каары" атындагы медресенин директору;
Жаркын Байжигитова - “АКИпресс” маалыматтык агенттигинин башкы редактору;
Алик Бекенов - “Кыргызсуудолбоор” ачык акционердик коомунун башкармасынын төрагасынын орун басары;
Турат Бектенов - журналист;
Абдуразак Боромбаев - Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун судьясы;
Шухрат Гафаров - Ош облусунун Ноокат районундагы А.Мирмахмудов айыл округунун башчысы;
Айнура Давлетова - Жалал-Абад облустук калктын репродуктивдүү ден соолугун коргоо боюнча борбордун башкы дарыгери ;
Гүлназ Жүзбаева - “Кыргыз азиздер федерациясы” коомдук бирикмесинин президенти;
Гүлнара Ибраимова - Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин жеңил өңөр жай жана башка тармактар бөлүмүнүн башкы адиси;
Айша Исмагулова - Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Эңилчек айылындагы фельдшердик- акушердик пункттун дарыгери;
Калмира Итикенова - “Кальмира” тигүү ишканасынын жетекчиси;
Эмилбек Кааров - Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук мамлекеттик инспекциясынын Ноокат райондук башкармалыгынын башчысы;
Нуржигит Кадырбеков - “Ыйман” диний маданиятты өнүктүрүү фондунун төрагасы;
Зинагүл Калчаева - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун документтик камсыздоо жана аткарууну контролдоо бөлүмүнүн башчысы;
Ильгиз Каналбек уулу - Кыргыз Республикасынын дзюдо боюнча курама командасынын мүчөсү;
Марат Каратаев - Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин коопсуздук коркунучтарын талдоо жана болжолдоо секторунун башчысы;
Бейшенбек Касымов - “Автомаш-Радиатор” жоопкерчилиги чектелген коомунун бажылык тариздөө бөлүмүнүн башчысы;
Камчыбек Касымов - Улуттук жана столдо ойнолуучу спорттун түрлөрү боюнча олимпиадалык резервдеги балдар-өспүрүмдөрдүн адистештирилген мектебинин директору;
Зухра Кемелбекова - “Zulya” тигүү ишканасынын жетекчиси;
Салтанат Кенжебаева - Кыргыз Республикасынын президентинин жана өкмөтүнүн иш башкармасынын “Клиникалык оорукана” мамлекеттик мекемесинин медициналык реабилитациялоо бөлүмүнүн дарылоо дене тарбиясы боюнча дарыгери;
Рысбек Кокоев - Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай чарбасы мамлекеттик агенттигинин Шаар курулушу жана архитектура мамлекеттик долбоорлоо институтунун шаарлардын генпландарын долбоорлоо боюнча №1-устакананын башчысы;
Бектеназар Кылычов - Токтогул райондук билим берүү бөлүмүнүн алдындагы Токтогул райондук балдар- өспүрүмдөрдүн спорт мектебинин мугалими, самбо күрөшү боюнча машыктыруучу;
Амантур Мусагул уулу - “Де-Факто” гезитинин башкы редактору;
Нурмухамед Миңбаев - “Ассалам” кайрымдуулук фондунун директору;
Иноват Ниматова - Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы башталгыч жана орто кесиптик билим берүү агенттигинин №17-кесиптик лицейинин директору;
Улан Нураков - Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарбасы мамлекеттик агенттигинин Шаар курулушу жана архитектура боюнча Талас райондук башкармалыгынын башчысы;
Гүлүмкан Нурматова - Ош шаарынын мэриясынын уюштуруу-кадр иштери жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнүн башкы адиси;
Жакыпбек Өскөнбаев - Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн адиси;
Мелис Осмоналиев - Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Октябрь айыл өкмөтүнүн адиси;
Ольга Рыбалкина - “Classic style Olga” тигүү ишканасынын жетекчиси;
Рысбүбү Сарманова - “Кыргыз Коньягы” жоопкерчилиги чектелген коомунун техникалык контроль бөлүмүнүн начальниги;
Нурбек Тойчубаев - паратриатлон боюнча Азия Чемпионатынын күмүш байгесинин ээси;
Николай Токмань - “Автомаш-Радиатор” жоопкерчилиги чектелген коомунун жылуулук алмаштыргычтарды сатуу боюнча директорунун орун басары;
Нуржамал Толубаева - “Монализа” тигүү ишканасынын жетекчиси;
Азатхан Төлөбаева - Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын каттар жана жарандарды кабыл алуу секторунун башчысы;
Аваз Турсунбаев - “Сулайман-Тоо” улуттук тарыхый-археологиялык музейинин Өзгөн археологиялык-архитектуралык комплексинин директору;
Гүлбара Үмүталиева - Кыргыз Республикасынын аялдардын футбол боюнча улуттук курама командасынын машыктыруучусу, олимпиадалык резервдеги балдар-өспүрүмдөрдүн республикалык мектебинин улук машыктыруучусу;
Жумагүл Усубалиева - Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин дарыгер-паразитологу;
Айнура Шамырзаева - Жалал-Абад облусунун Кербен шаарынын мэриясынын аппаратынын жетекчиси;
Саатбек Эгембердиев - Баткен облусунун Лейлек районундагы Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн башчысы;
Саламат Эргешов - Кыргыз Республикасынын Улуттук олимпиада комитетинин башкы катчысы;
Ольга Ярославцева - армрестлинг боюнча машыктыруучу- инструктор;
“Александра Мода” жоопкерчилиги чектелген коому - Бишкек шаары;
“Артезиан” ачык акционердик коому - Чүй облусу, Сокулук району;
“Билимкана” коомдук фондунун билим берүү борбору - Бишкек шаары;
“Дары Тянь-Шаня” жоопкерчилиги чектелген коому - Бишкек шаары;
“Кант Сүт” жоопкерчилиги чектелген коому - Чүй облусу, Кант шаары;
“Кыргыз шампаны” жоопкерчилиги чектелген коому - Бишкек шаары;
“ОСКО” жоопкерчилиги чектелген коому - Бишкек шаары;
“Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коомунун алдындагы Садовое окуу-өндүрүштүк ишканасы” жоопкерчилиги чектелген коому - Чүй облусу, Садовое айылы;
“Урсус” жабык акционердик коому - Бишкек шаары;
“ЭСКА - Bishkek International School” коммерциялык эмес фонду - Бишкек шаары;
“BIGSER” Кыргызстан спорттук товар өндүрүүчүлөрдүн ассоциациясы.