Борбордук шайлоо комиссиясы президенттик шайлоого байкоо салуу үчүн дагы 54 эл аралык байкоочуну аккредитациядан өткөрдү. Мекеменин маалымат кызматынан билдиришкендей, аккредитациядан КМШ аткаруу комитетинин төрагасы - аткаруу катчысы Сергей Лебедев башында турган КМШ аткаруу комитетинин байкоочулары, Элчи жана миссиянын башчысы Александр Кельчевский жетектеген Демократиялык институттар жана адам укуктары бюросу/ЕККУнун эл аралык байкоочулары жана башкалар аккредитациядан өтүштү.
Бүгүнкү күнгө чейин БШК эл аралык 61 байкоочуну аккредитациядан өткөргөн. Алар шайлоонун жүрүшүнө көз салып, жыйынтыгына баа берет.