Ош шаарында Эгемендүүлүктүн 26 жылдыгы белгиленүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 31-августта Ош шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, майрамдык салтанаттын жүрүшүндө "Алымбек Датка" этнографиялык борборунда сүрөтчүлөрдүн жана балдардын сүрөт көргөзмөсү уюштурулду. Борбордук аянтта ардагерлер менен жаштардын майрамдык авто жүрүшү, шаар тургундарынын катышуусунда кыргыз күрөш, аркан тартыш, ордо оюндары боюнча мелдештер уюштурулду. Мындан сырткары майрамдык “Ыр кесе” болуп өттү.