Ошто жүрөк кемтиги менен төрөлгөн 3 жаштагы эгиз балдардын бирине шашылыш операция жасоо зарыл болууда

Ош облусунун Алай районунун тургуну 27 жаштагы Албина Кадырова 2 уул, 2 кыздын апасы. Анын эгиз балдарынын бири жүрөк кемтиги менен төрөлгөн. Эгиздердин бирине тез арада операция жасоо зарылдыгын бүгүн, 31-августта SUPER.KG порталына апасы Албина Кадырова айтып берди.

"Биздин төрт балабыз бар, эң улуу кызыбыз 5 жашка толду. Көрүүсү начар болчу. Дарыланып жатып калыбына келтирип, көз айнек менен жүрүп калды. Ар алты ай сайын дарыгердин көзөмөлүнөн өтүп турабыз. Ал эми Амирбек жана Эмирбек аттуу эгиз балдарымдын көрүүсү начар. Алар 3 жаштан өтсө да баса элек. Эгиз балдарымдын бири Амирбек жүрөк кемтиги менен төрөлгөн. Ага тез арада операция жасоо зарыл болууда. Жакын туугандар болуп каражат чогултуу аракетин көрүп жатабыз. Ошол эле учурда коомчулукка да кайрылып жардам суроого аргасыз болдук", - деп билдирди Кадырова.

Маалыматка ылайык, Албина Кадырова Алай районунун тургуну. Анын жолдошу чарба ишинде иштеп операция үчүн каражат чогултууда. Шашылыш операцияга чукул арада каражат табуу бул үй-бүлө үчүн оор болуп жатканы айтылды. Учурда Албина жана анын үй-бүлөсү Ош шаарындагы Ош кичи районунда жашайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан