Бүгүн, 31-августта Бишкекте "Ала-Тоо" аянтында Эгемендүүлүктүн 26 жылдыгына карата кечки концерт орун алды.
Салтанаттын жүрүшүндө Ырыскелди Осмонкулов, Темир Назаров, Гүлнур Сатылганова, Анжелика Бекболиева, Гүлжигит Калыков, Аяна Касымова, Мирбек Атабеков, Кайрат Примбердиев, Омар, Нурайым Азыкбаева көрүүчүлөргө ыр, бий тартуулашты.
Ошондой эле программанын жүрүшүндө Япон элинин ырчысы Мита Рё кыргыз тилинде ырдап көрүүчүлөрдүн бүйүрүн кызытты.
Концерттин жүрүшүн Санжар Мыкыев менен Нурзат Токтосунова алып барды.
Иш-чара саат 19:00дө башталып, 23:00дө фейерверк менен жыйынтыкталды. Салют 10 мүнөткө созулуп, ага жаш балдардан тарта 70 жашка чейинкилер күбө болушту. Ал аянтка келген миңдеген элдин майрамдык маанайын көтөрдү.