Бүгүн, 1-сентябрда Бишкекте Курман айт намазын окуу үчүн аянтка таңкы саат 05:30дан баштап эл чогула баштады.
Коомдук коопсуздукту камсыздоодо миңдеген милиция, аскер кызматкерлери абалды көзөмөлдөп ар бир адамды атайын аппараттын жардамы менен текшерип киргизүүдө.
Намаз окуу үчүн аянтка чогулган элге муфтияттын өкүлдөрү Курман айттын маани-мазмунун айтып, баян окуп жатышат.