Бишкекте бүгүн, 1-сентябрда Курман айт намазы эски аянтта окулат. Азыркы тапта намаз окуу үчүн аянтка чогулган элге муфтияттын өкүлдөрү Курман айттын маани-мазмунун айтып баян окуп жатышат.
Айт намазын окуу үчүн Бишкек шаарынын мэри, Жогорку Кеңештин жана өкмөттүн өкүлдөрү келишти. Президенттин куттуктоосун Мухаммедкалый Абылгазиев окуп берди.
Саат 07:30да Айт намазын окуу башталды.
08:10. Айт намазы окулуп бүтүп, эл тарай баштады.