Бишкекте окулган Курман айт намазынан фоторепортаж

Бүгүн, 1-сентябрда Бишкек шаарынын борбордук аянтында Курман айт намазы окулуп, ага 10 миңдеген адамдар катышты. Намаз окуу учурунда коомдук коопсуздукту милиция, аскер кызматкерлери ошондой эле милициянын атайын багыттагы кызматкерлери камсыздашты.

Курман айт жөнүндө баян айтылып, намаз окулуп бүткөндөн кийин жылдагыдай эле аянтта жүздөгөн адамдар желим баштык көтөрүп, тилемчилик кылып жүрүштү. Арасында жашы жете элек өспүрүмдөр, колуна баласын көтөргөн жаш келиндер да бар.

Чогулган эл тарап, жолдор ачыла баштаган маалда "Тазалык" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери шаардын тазалыгына кам көрө башташты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Kaninaiman
2017-09-01 10:20:44
Айтыныздар маарек болсун кыргыз калкым...
+9
Adil706070
2017-09-01 11:45:16
Бери жакта эки коробка алма бекер таркаткан байкени супердин кабарчысы корбой калса керек.Ошол байкеге Аллах ыраазы болсун
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан