Чүй облусунун Панфилов районунда ишкерге кол салуу болгонун окурман "Элдик кабарга" билдирди.
"Панфилов районунда сүт иштетүүчү ишкана бар. Анын башчысы ошол эле ишкананын аймагында жашайт. Кечээ, 1-сентябрда анын үйүнө бет капчан, белгисиз адам кирип келип кол салды. Биз айылдашыбызга кирип окуя тууралуу билип чыктык. Окуя саат 17:00 чамасында болгон экен. Жабырлануучунун баласынын айтымында, үй ээси короодо чарбачылык иштерин кылып жүргөндө, дубалдан белгисиз адам секирип кирип, үй ээсине курал такап кармап алган экен. Эшикте ит үргөнүн угуп, баласы терезеден карайт. Ишкерлердин үйүндө курал болгон экен. Баласы куралды алып чыгып, терезеден эле атасына кол салган адамды атып жиберген. Бет капчан адам ошол маалда ишкерди бөйрөк тушка атып үлгүрүптүр. Ал эми кол салган адам октон алган жаракатынан улам ошол жерден көз жумган. Окуя боюнча милиция кызматкерлери чакырылып, сөөктү алып кетишти. Жабырлануучу ооруканага жеткирилди", - дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.