Улуу Британиянын ханзаадасы Гарри менен актриса Меган Маркл сүйүү мамилесинде деген кептер 2016-жылдын октябрь айынан тарта коомчулукка тарап, ал гана эмес экөө үйлөнүүгө убадалашканы айтылган. Бирок өздөрү бул тууралуу эч кандай билдирүү бербей келишкен. Жакында Меган Маркл америкалык "Vanity Fair" журналынын жаңы санынын башкы бетине чыгып, анда ханзаада Гарри менен болгон мамилеси тууралуу айтып берди.
"Биз бири-бирин чындап сүйгөн эки бактылуу адамбыз. Алгач жашыруун мамиле куруп жүргөнбүз, арадан 6 ай өткөн соң бул тууралуу жалпыга маалымдоо каражаттары билишти. Ал кезден бери бир гана нерсе өзгөрдү - айлана-чөйрөдөгү адамдардын көз карашы. А мен баягы эле Меганмын. Убагы келгенде сөзсүз түрдө эл алдына чыгып, өзүбүздүн мамилебиз тууралуу айтууга мажбур болобуз. Ошол учурда эл бизди туура түшүнөт деп үмүттөнөм", - деген ал.
Ошондой эле ал ханзаада экөөнүн мамилеси коомчулукка жарыяланганда көп негативдүү сөздөр айтыларын күтпөгөндүгүн, азыр өзү тууралуу жазылган маалыматтарды окубастан, жакындарынын гана пикирлерине көңүл буруп жаткандыгын айткан.