Орусияда өткөн эл аралык Fakestival фестивалында Кыргыз дизайнери Марсель Шейшеновдун эмгеги "Мыкты таңгак" ("Лучшая упаковка") номинациясында жеңишке жетишти. Бул тууралуу дизайнер бүгүн, 6-сентябрда SUPER.KG порталына билдирди.
"Сынакка бамбуктун формасындагы суусундук банкасынын дизайны менен катышкам. Мындай банкаларды бири-биринин үстүнө тизип койсоң, кадимки бамбукту элестетет. Ичине бардык суусундуктарды куйса болот", - деди ал.
Марсель Шейшенов буга чейин бир катар эл аралык сынактарда байгелүү орундарга ээ болгондугун кошумчалады. 2010, 2016-жылдары ушул фестивалда анын үч эмгеги байгелүү орундарга ээ болгон.
Белгилей кетсек, чексиз креатив фестивалы ушуну менен 7-ирет өткөрүлдү. Ал жаш ойлоп табуучулардын, чыгармачыл адамдардын эмгектерин коомчулукка көрсөтүп, жарнамалоого мүмкүнчүлүк берет.