Мамкаттоо кызматынын башчысы: "Октябрь айында паспортту үйгө жеткирип берүү кызматы ишке кирет"

"Кыргыз почтасы" ишканасынын Мамлекеттик каттоо кызматынын карамагына өтүшү калкка бир канча жеңилдиктерди алып келет. Бул тууралуу бүгүн, 6-сентябрда Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси Дастан Догоев билдирди.

"Долбоорду ишке ашыруу максатында жалпы республика боюнча 427 маалыматтык түйүндөр ачылат. Азыркы учурда 111и орнотулуп, аларга керектүү жабдууларды коюу иштери жүргүзүлүүдө. Октябрь айында ишке кирчү долбоор гранттык каражаттардын эсебинен ишке ашырылып жатат. Жалпысынан 6 миллион сомдун тегерегиндеги каражат каралган", - деди Догоев.

Маалым болгондой, элет жеринде жашаган жарандар кайсы бир документтерди алуу үчүн райондун борборуна барса, эми өзү жашаган айылда туруп эле керектүү документтерге арыз берип, автоунааны каттата алат.

Мындан сырткары паспортту 10 күндүн ичинде даяр кылып, жарандын каалоосу менен үйүнө жеткирип берүү кызматы да ишке кирет. Ар бир почта кызматына орнотулган маалыматтык түйүндөрдө атайын окутулган адистер иштейт. Башында алар 10 кызмат көргөзүшсө, убакыттын өтүшү менен кызматтардын саны 189га чейин жетет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
TIMON_BERKOWITZ
2017-09-06 13:48:02
Кары, ден соолугу мүмкүндүк бербей барып ала албаса мейли. А башкасы, а жалкоолор! Жакында даараткана силерге келсе таң калбайм)
-4
Nevestkaa
2017-09-06 14:12:05
Шайлоо шайлоо шайлоо да бул жагы.
+4
Ak_Bulut
2017-09-06 21:35:25
Ой уйго жеткирип бербей эле,барганда эле бере калсынчы
+1
mederkg
2017-09-06 23:32:52
Шайлоонун алдындагы мактанмай.элди алдаиай болсо керек неме россияга дагы алып келип бере алышат бекен барбай эле койойн паспорт бүтүп атты эле
0
ma4ak
2017-09-07 07:46:35
Бул нерсе чындык. Мен дагы азыр стажировкадан өтүп жатам. Үч кызматты бириктирип жатат. Буйруса ар бир айыл өкмөттө кызмат көрсөтүлөт, бир топ элге жеңил болот.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан