ЭЛДИК КАБАР: Кантта газ киргизүү үчүн казылган терең арыктар 2 айдан бери жабылбай турат, ата-энелер кооптонууда

Кант шаарында мындан 2 ай мурун газ өткөрүү үчүн казылган чуңкурлар жабылбай турат. Мындай маалыматты бүгүн, 6-сентябрда окурман "Элдик кабарга" WhatsApp аркылуу жөнөткөн.

Билдирүүгө ылайык, чуңкурлар жабылбаганы менен ал жерде жумуш жасалбай эле турат.

"Окуу жылы башталып, балдар мектепке барууда. Ата-энелер балдардын коопсуздугунан чочулап жатышат. Арыктын четтерине белги берген жиптер да тартылган эмес. Караңгыда киши түшүп кетиши мүмкүн да. Чуңкурду ким каздырганы бизге белгисиз, эртерээк жумуштарын аяктап, арыктар жабылбаса азыр бул көчөлөр аркылуу көптөгөн окуучулар мектепке барат", - деп жазылат окурмандын маалыматында.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан