Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев өлкөдө онкологиялык ооруларды дарылоодо бардык шарттар түзүлбөгөнүн айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 6-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында “Республика-Ата Журт” фракциясынан депутат Талант Мамытовдун суроосуна жооп берип жатып билдирди.
Министрдин айтымында, Индиядан онкология жаатындагы аппараттар келген. Ошондой эле ал Улуттук онкология борборун оңдоо үчүн каражат каралганын белгиледи. “Учурда оңдоо иштери жүрүүдө. Менин оюмча 1,5-2 айда борбор 90 пайыз талапка жооп берген борборго айланат”, - деди Батыралиев.
Депутат Талант Мамытов ооруканадагы жарандардын кезекке туруу маселеси жана палаталардын жетишсиздиги боюнча Жогорку Кеңештин жыйынында карап чыгуу зарыл экенин айтты.
Учурда жыйында “Калкка онкологиялык жардам көрсөтүү жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору каралып жатат.