25 жаштагы кыздын дайынсыз жоголгонуна 54 күн болду. Апасы коомчулуктан издөөгө жардам берүүнү суранды

Бишкекте Бактыкан Таалайбек кызы аттуу кыздын дайынсыз болуп изделип жатканына 54 күн болду. Ал 14-июль күнү саат 20:30 чамаларында Бишкектин четиндеги ТЕЦ-2 тараптагы өзү иштеген "Бекжан" деген кафеден чыгып кетип, ошол бойдон үйүнө келген эмес.

Өзүн кыздын апасымын деп тааныштырган 50 жаштагы Гүлсара Чолпонбаева 6-сентябрда SUPER.KG'ге кайрылып, коомчулуктан кызын издөөгө жардам берүүнү суранды. "Кызымдын жоголгонуна эки айга жакындап калды. Бирок ушул учурга чейин эч кандай маалымат жок. Көргөн-билгендер болсо табышууга жардам берип койсо деп өтүнөт элем", - деп кайрылды.

Бактыкандын өзгөчө белгилери: бою 150-160 сантиметр. Үстүнө ак түстөгү футболка, күлгүн түстөгү спорттук кийим, кара түстөгү шым кийип, боз түстөгү сумка асынып алган. Байланыш телефондору: 0 (550) 88 19 03; 0 (553) 69 65 69; 0 (706) 69 65 69; 0 (702) 86 47 03; 0 (708) 92 22 38.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
wwwbaxa
2017-09-06 13:36:26
police сөрөйлөрдөн дайын жок бекен,издешпейби жакшыраак.же
-1
cfif03748
2017-09-06 17:32:55
wwwbaxa,алар акча чыккан жерлерге жормолоп болсо да жетишет.мындай жерде кайдан!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан