Ош облусуна караштуу Ноокат районунун Бел-Орук айыл аймагындагы Г.Эргешов атындагы орто мектепте китептер жетишсиз. Бул тууралуу SUPER.KG'нин окурманы "Элдик кабар" рубрикасына маалымдады.
"2 окуучуга бирден китеп берилди, китептер эскирип, тытылып кеткен. Окуу жылы аяктаганга чейин 2 окуучу 1 китепти кантип пайдаланат? Жетпеген китептерин сатып алып бергенге бардык эле ата-энеде акча жетиштүү эмес. Менин 3 балам бар, экөө мектепке барат, 1-класска барган балама бардык китептерди сатып алып бердик, 3-класста окуган балама мектептен алсак абал ушундай экен. Буга ким көзөмөл кылат?" - деп жазат окурман.
Ушундай эле көйгөй Кара-Суу районунда да курч экенин дагы бир окурман кабарлады.
"Премьер-министр Сапар Исаков жолго жакын жайгашкан мектептердеги коопсуздукту көрүү үчүн кыдырыптыр. Билим берүү мекемелериндеги эң маанилүү маселелердин бири - бул китептин жетишсиздиги экенин билдирейин дегем", - деп жазат окурман.
Анын билдирүүсүнө ылайык, райондогу Акташ айыл өкмөтүндөгү Токтомуса Алимбеков атындагы орто мектептин орус тилинде билим берген класстарындагы 1-класстан 4-класска чейинки окуучулардын китептерин сатып алууга аргасыз болушууда.
"Мектепте китеп жок болгондуктан базардан сатып алууга туура келет. Бир эле баланы китеп менен камсыздоого 1500 сомдон ашык акча коротулат, көп балалуулар үчүн кыйын эле болот. Базардагы китептер эмнеге мектептерге келбейт?" - деп жазат окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.