Бишкек-Ош трассасында Төө-Ашуудагы тоннель маал-маалы менен жабылат. Чектөө 5-сентябрдан 30-сентябрга чейин созулат. Транспорт жана жолдор министрлигинин билдиришинче, бул тоннелден мал айдап өтүү муктаждыгына байланыштуу 30-сентябрга чейин тоннелден малдын жана автоунаалардын өтүүсү төмөнкү графикке ылайык жүрөт.
Саат 01:00дөн 02:30га чейин мал өтөт;
Саат 02:30дан 05:00гө чейин автоунаалар өтөт;
Саат 05:00дөн 06:30га чейин мал өтөт;
Саат 06:30дан 11:00гө чейин автоунаалар өтөт;
Саат 11:00дөн 13:00гө чейин мал өтөт;
Саат 13:00дөн 01:00гө чейин автоунаалар өтөт.
Мал өткөрүлүп жаткан убакта тоннель автоунаалар үчүн эки тараптан жабылып, тоннелдин кызматкерлери автоунаалардын жайгашуусун жөнгө салышат.