ЭЛДИК КАБАР: Оштогу Манас-Ата кичи районунда 2 күндөн бери жол чырактар иштебей жатат

Ош шаарынын Манас-Ата кичи районундагы Исхак Раззаков көчөсүндө 2 күндөн бери жол чырак иштебей жатат. Маалыматты окурман "Элдик кабар" рубрикасына бүгүн, 6-сентябрда WhatsApp аркылуу кабарлады.

"Жол чырактын иштебей калганы айдоочуларга кыйынчылык жаратып жатат. Патрулдук милиция кызматкерлери бул дарекке келген жок. Кырсыктын алдын алуу аракеттери көрүлүшү керек", - деп жазган окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
urmat94
2017-09-06 20:49:03
Салиева кочосун кышка чейин ондоп беришсе жакшы болот эле супер ушул боюнча тиешелуу болумго жеткирип койсонуздар жолдун акыбалы мышык ыйлагыдай
+2
nursiyanur
2017-09-06 21:24:21
urmat94,Мышык эмес чычкан ыйлачудай жолдор бар
+6
admin_superstan
2017-09-07 12:09:35
urmat94, саламатсызбы! Сунушуңузга рахмат, тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
0
nursiyanur
2017-09-06 21:25:06
Калинин кочону корсон
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан