Кыргыз мусулмандарынын дин башкармалыгы жана Аалымдар кеңеши Мьянмадагы кырдаалга тынчсыздануусун билдирип, тараптарды бир пикирге келип, абалды тынчтык, сабырдуулук, адилеттүүлүк жолу менен чечүүгө чакырды.
Дин башкармалыгы тараткан билдирүүдө "Мьянмада мусулман коомчулугуна карата түзүлгөн кырдаал, адам укуктарынын бузулушу өтө чоң зулумдук. Мьянмадагы кырдаалды тез арада дүйнөлүк деңгээлдеги адам укугун коргогон ири уюмдар чечүүлөрү зарыл. Кырдаал курчуй берсе диндер, улуттар аралык, мамлекеттер ортосундагы жаңжалдашууну, пикир келишпестикти пайда кылуусу мүмкүн" деп айтылат.
Ыйык Курандын Маида сүрөөсүнүн 32-аятында "ким акысыз адам өлтүрүп же жер жүзүнө бузукулук таратса, анда ал бардык адамдарды өлтүргөнгө тете. Ал эми кимде-ким адам өмүрүн сактаса, ал бардык адамдардын өмүрүн сактап калганга тете" деп айтылат.
Куранда айтылган бул сөздөргө негиз кылып, Кыргыз мусулмандарынын дин башкармалыгы, Аалымдар кеңеши кыргыз элин өз пикирин тынчтык жолу менен билдирүүгө, мусулмандардын жана бүт ааламдын тынчтыгын тилеп дуба кылууга чакырат.