Кызыл-Кыя шаарында "Көңүл бургула, балдар!" аталышындагы рейд жүрүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 7-сентябрда Баткен облусунун ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, рейд 20-сентябрга чейин уланат. Жол кырсыктарын болтурбоо жана алдын алууда профилактикалык иштер жүргүзүлүп жатат.
"Өспүрүмдөрдүн катышуусундагы жол кырсыктарын алдын алуу жана бөгөт коюу максатында жолдо жүрүү эрежелери атайын үн чыгаргыч каражаттар менен элге жеткирилүүдө. Ата-энелерге, айдоочуларга жана өспүрүмдөргө жол белгилерине көңүл буруу, жол эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү", - деп айтылат Баткен ОИИБинин маалыматында.
Айта кетсек, 8 ай ичинде облус аймагында жашы жетелек балдардын катышуусунда 38 жол транспорт кырсыктары катталган. Анын кесепетинен 8 бала каза болуп, 42 өспүрүм денесинен ар кандай даражадагы жаракаттарды алышкан.