Ош шаарынын Манас-Ата кичи районунун Исхак Раззаков көчөсүндөгү жол чырактар оңдоо иштери аяктаган соң ишке берилди. Бул тууралуу бүгүн, 7-сентябрда Ош шаардык жолдор башкармалыгынан билдиришти.
"Аталган көчөдөгү жол чырактар оңдоо иштери жүрүп жаткандыгына байланыштуу иштебей жаткан. Бүгүндөн тарта ишке берилди", - дешти алар.
Белгилей кетсек, кечээ, 6-сентябрда окурман "Элдик кабар" бөлүмүнө Ош шаарынын Манас-Ата кичи районундагы Исхак Раззаков көчөсүндө 2 күндөн бери жол чырак иштебей жатканын, Патрулдук милиция кызматкерлери ал дарекке бара электигин айтып, билдирүү жөнөткөн.