Америкалык Google корпорациясы өзүнүн издөө системасынан колдонуучулар кайсы суроолорду көп сурай турганын аныктаган сайт иштеп чыкты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, жаңы долбоор бул же тиги өлкөнүн интернет колдонуучулары кандай нерселерди билүүгө кызыкдар экенин түшүнүүгө жардам берет. Жаңы сайтта кайсы бир өлкөнүн аталышын жазсаңыз, ал жактагы жашоочулардын Google`га берген эң популярдуу суроолору чыгат.
"Түндүк Америкадагы колдонуучулар даараткананы кантип оңдоо керектигин билгиси келсе, мурунку Советтер Союзунун курамындагы өлкөлөрдүн тургундары кир жуучу машинасын өздөрү оңдоп алууга аракет жасайт. Ал эми ысык климаттуу мамлекеттерде жашагандар муздаткычка байланыштуу суроолорду беришет. Жалпысынан дүйнө жүзүндөгү интернет колдонуучулары тамак-ашты жасоо, акча табуу, арыктоо, өбүшүү, боюна бүтүрүү жана галстук байлоо тууралуу билгиси келет", - деп жазылат маалыматта.