Орусиянын 3-президенти, учурдагы өкмөт башчысы Дмитрий Медведев 1965-жылы 14-сентябрда Ленинградда мугалимдин үй-бүлөсүндө туулган. Ал үй-бүлөдө жалгыз бала болгон. Дмитрий 1987-жылы Ленинград мамлекеттик университетинин юридикалык факультетин бүтүргөн. 1990-жылы ошол эле университеттин аспирантурасын окуп аяктаган. Эмгек жолу Санкт-Петербург мамлекеттик университетинде атуулдук укук боюнча кафедрасында мугалим болуудан башталган. Ошондой эле Орусиянын президентинин администрация башчысынын орун басары, ошол эле администрацияда биринчи орун басар, кийин "Газпром" ААКсынын жетекчилигинде иштеп, 2003-жылы Орусиянын президентинин администрация жетекчилигине дайындалган. 2005-жылы ноябрда Орусиянын өкмөт башчысынын биринчи орун басары, ошондой эле Орусиянын президентине караштуу Артыкчылыктуу улуттук долбоорду жана демография саясатын ишке ашыруу боюнча кеңештин президиумунун төрагасынын 1-орун басары, төрагасы болуп 2005-2008-жылдарда эмгектенген. Ал 2008-жылы 2-мартта өлкөнүн президенти болуп шайланган. Президенттик мөөнөтү 2012-жылдын 7-майында аяктап, 2012-жылдын 8-майынан тартып Орусиянын өкмөт башчысы болуп ишин уланткан.
Дмитрий Медведев Орусиянын мамлекеттик жана саясий ишмери катары бир катар илимий даражалардын ээси. Ал юридика илимдеринин кандидаты, Орусия Федерациясынын 1-класстагы мамлекеттик кеңешчиси, Орусиянын Коопсуздук кеңешинин мүчөсү жана Санкт-Петербург мамлекеттик, Дүйнөлүк экономика жана дипломатия, Баку, Корея университеттеринин ардактуу доктору.
2007-жылы Медведевдин жетекчилиги менен Орусияда 59 миң мектепти интернетке кошуу долбоору аяктаган. 2008-жылдын күз айында дүйнөнү финансы кризиси каптаган учурда Медведев экономиканы модернизациялоо, Москвада эл аралык финансы борборун ачуу, жеке ишкерлерди колдоо үчүн инвестициялоо шартын жеңилдетүү, ипотекалык кредитке байланыштуу камсыздандыруунун учурга ылайык үлгүсүн өнүктүрүү, менчик укугун коргоо боюнча майнаптуу соттук коргоо чараларын ишке ашыруу, аскердик, социалдык жана башка реформалар демилгеси менен чыгып, өлкөнү дүйнөлүк финансылык кризистин апаатынан сактап калган. Анын саясий ишмердүүлүгү бааланып 2008-жылы "Фемида" эл аралык сыйлыгынын лауреаты болгон.
2016-жылдан тартып Медведевдин саясий ишмердүүлүгүн коррупциялык чуулгандуу иштерге байлаган оппозиция өкүлдөрүнүн видеороликтеринен кийин ага каршы Орусиянын аймактарында нааразычылык акциялары өткөн. Бул акциялар 2017-жылы белгиленген Орусиянын Эгемендүүлүк күнүнө чейин уланган. Буга экс-президенттин 2016-жылы июль, август айларында Твиттердеги баракчасына чабуул жасалган соң жашыруун маалыматтар коомчулукка тараганы себеп болгон деп айтылат. Бирок учурдагы орус өкмөт башчысы бул айыптоолор боюнча бир да жооп кайтарган эмес.