Түркмөнстандын Ашхабад шаарында 17-сентябрда уруш түрлөрү боюнча жабык имараттагы V Азия оюндарынын ачылыш аземи орун алды. Ага Кыргыз өлкөсүнүн өкүлдөрү катышты. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган иш-чарада спортчулардын парадында 60тан ашык өлкөнүн өкүлдөрү катышкан. Парадга Кыргыз өлкөсүнүн спортчулары Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин директорунун орун басары Канатбек Арпачиевдин жетекчилигинде чыгышты.
Эске салсак, жабык имараттагы Азия оюндарына спорттун 17 түрүнөн жалпы эсепте 153 Кыргыз спортчу катышууда. Азырынча Кыргыз өлкөсүндө 1 медаль бар.